Народный Миллионер

СМОТРЕТЬ 312TV ОНЛАЙН

“Элдик Милионер”

Долбоор 2018-жылдын 17-декабрында 312Музыка телеканалында башталган.

<<Элдик Миллионер>> - бул күн сайын саат 21:00 эфирге чыгып турган интерактивдик шоу-программа.

Шоу-программа көрүүчүлөр менен баарлашуу жана байге фондун ойнотуу форматында өтөт.

Байге фонду толугу менен программага катталган катышуучулардын арасында ойнотулат.

Катталуунун баасы 3 сомду түзөт. Катышуучу каалаган сандагы билет алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

3 сомду бөлүштүрүү структурасы:

1сом күнүмдүк оюндун байге фондуна кошулат;

1сом жумалык оюндун байге фондуна кошулат;

1сом айлык оюндун байге фондуна кошулат.

Жиберилген ар бир сом автоматтык түрдө байге фондуна кошулуп, аны көбөйтүп турат.

Каттоодон өткөн ар бир катышуучу өзүнүн билеттерин 312.kg сайтынын «Билеттерди текшерүү» бөлүмүнөн текшере алат. 

Көрүүчү менен интерактивдик оюн ойноп жаткан учурда «рандомизатор» деп аталган атайын программа каттоодон өткөн номерлердин арасынан бир номерди туш келди тандайт.

Алып баруучу тандалган номерге чалып, катышуучуга 3 суроого жооп берүүнү сунуштайт. Эгерде катышуучу 3 суроого тең туура жооп берсе, экранда көрүнүп турган сумманын 5% өзүнүн Balance.kg   электрондук капчыгына алат.

Көрүүчүлөр 3 байге фондунун тең өзгөрүп жатканын экрандан көрө алышат. Мындан сырткары көрөрмандар кайсы номер аркылуу 3 сом жиберсе, ал номерди да экрандан көрө алышат.  Номерлер толугу менен көрсөтүлбөйт.

Байге фондун бөлүштүрүү системасы:

1-орун – чогулган сумманын 50% алат;

Дагы 10 киши 5% алышат.

Эгерде утуш 1000 сомдон жогору болсо, анын 10% салык катары мамлекеттин пайдасына алынат.

Программага жашы 18 ден жогору болгон көрүүчүлөр гана катыша алышат.

Кошумча маалыматты +996 772 558 058 номери аркылуу алсаңыздар болот.

СМОТРЕТЬ 312TV ОНЛАЙН

Народный Миллионер